Загрузка документа…
СУЗАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
КЕЗЕКТЕГИ XV-СЕССИЯСЫ
2019-жылдын 31-июлу № 2
Сузак айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Бакыт үйүнүн” имараты жана Сузак райондук паспорт стол кызматкерлери отурган имараты жөнүндө
Сузак райондук мамлекеттик админстрациясынын башысы -аким Э. А. Омошовтун кайрылуусун карап чыгып ,Сузак айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Бакыт үйүнүн” имараты ЖААК жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик катоо кызматынын алдындагы “Инфаком”мамлекеттик ишканасынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө маалыматын угуп чыгып депутаттар талкуулап,ЖӨБ КРнын мыйзамындагы 4-гл. Жергиликтүү Кенештердин ишин уюштуруу-укуктук негиздерин 21,28,31,36,37-беренелери боюнча,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сузак райондук паспорт стол кызматкерлери отурган имараты жер аянты менен Сузак айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлсүн.
2. Сузак айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Бакыт үйүнүн” имараты жер аянты менен Сузак айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлсүн.
3. Бакыт үйүнүн” имараты ЖААК жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик катоо кызматынын алдындагы “Инфаком”мамлекеттик ишканасынын балансына өткөрүлсүн жер аянты Сузак айыл өкмөтүнүн балансында калтырылсын.
4. Сузак райондук паспорт стол кызматкерлери отурган имараты жер аянты менен Сузак айыл өкмөтүнүн балансына документтер даярдалып өткөрүлгөндөн кийин 3-пункт күчүнө кирсин.
Төрага | Хакимов Ж. |