Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
6- чакырылышынын кезексиз 28-сессиясы
2019-жылдын 28-майы № 28-7
Көк-Жар айылдык кеңешинин 2019-жылдын 13-майындагы 6-чакырылышынын кезектеги 27-сессиясынын №27-2 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Көк-Жар айылдык кеңешинин 2019-жылдын 13-майындагы №27-2 токтомунда Жайыт комитетине АРИСтин “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-2” долбоорунун алкагында Жийде айылына курулуучу көпүрөнүн өздүк салымы катары Көк-Жар айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасынын сураныч катына негиз, айыл өкмөтүнүн бюджетинен 220 000 (эки жүз жыйырма миң) сом акча каражаты ажыратылып берилген. Бирок, жогоруда аталган көпүрөгө 20 000 (жыйырма миң) сом акча каражаты гана өздүк салым катары каралып, калган 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражаты элдин эмгек күчү менен аткарылышы керек экендиги такталып, кпүрө үчүн 20 000 (жыйырма миң) сом акча каражаты сарпталып, көпүрө куруу иштери соңуна чыгарылды. Бул маселе боюнча Көк-Жар жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасынын жана экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комитетинин сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 21-главасынын 115-беренесинин 3-4-пунктарына негиз Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитетине АРИСтин “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-2” долбоорунун алкагында Жийде айылынын Абылгазы жайлоосуна өтүүчү Качкынды-Сайына курулуучу көпүрөсүнө өздүк салым катары ажыратылган акча каражатынан үнөмдөлүп калган 200 000( эки жүз миң) сом акча каражатынын 181 800 (бир жүз сексен бир миң сегиз жүз) сому Жийде айылынын чоң жолуна асфальт төшөө жумуштары үчүн ажыратылсын, калган акча каражаты Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын бюджетинин инвестицилар үчүн каралган акча каражатынын эсебине калтырылсын.
2. Ажыратылып берилген акча каражатын мыйзамдуу түрдө статьяларына коюп, иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Миңбаев Саттарали Мукумовичке жана ФЭБ башчысы Тургунбай уулу Айтибекке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н.Туманов |