Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
6- чакырылышынын кезексиз 28-сессиясы
2019-жылдын 28-майы № 28-8
Көк-Жар айылдык кеңешинин 2019-жылдын 26-мартындагы 6-чакырылышынын кезектеги 26-сессиясынын №26-6 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу “Көк-Жар” гимназия класстары бар инновациялык мектебине Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековдун “2019-жыл аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы” деп жарыялаган жарлыгына негиз класстардын ичине видео көзөмөлдөөчө камераларды орнотуу зарылчылыгы келип чыккандыгына байланыштуу жогоруда атлаган мектептин директорунун сураныч катына жана Көк-Жар айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын сунушуна негиз, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 21-главасынын 115-беренесинин 4-пунктуна негиз Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айылдык кеңешинин 2019-жылдын 26-мартындагы 6-чакырылышынын кезектеги 26-сессиясынын №26-6 токтомунда бекитилген Көк-Жар айыл өкмөтүнүн бюджетинин экономикалык меселелер бөлүмүнө бекитилген акча каражаттарынын эсебинен жогоруда аталган мектепке видео көзөмөлдөөчү камераларды орнотуу үчүн 1-тиркемеге негиз өзгөртүүлөр киргизилип, 77 200 (жетимиш жети миң эки жүз) сом акча каражаты ажыратылсын.
2. Өзгөртүүлөргө негиз, мыйзамдуу түрдө статьяларга коюп иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Миңбаев Саттарилиге жана ФЭБ башчысы Тургунбай уулу Айтибекке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н.Туманов |