Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVI чакырылышынын кезектеги
2019-жылдын 31-июлу № 6/1
Ала-Бука районунун жашоочусу Маллаев Умарды Кыргыз Республикасынын “Ардак граммотасына” сунуш кылуу жөнүндө
Ала-Бука районунун жашоочусу Маллаев Умардын Ала-Бука районунун социалдык- экономикалык өнүгүүсүнө кошкон барандуу салымы жана Ала-Бука районунун Суу чарба башкармалыгындагы көп жылдык үзүрлүү эмгегин эске алуу менен райондук Суу чарба башкармасынын башчысы М. Токтобаевдин сунушун карап чыгып, Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI- чакырылышынын кезектеги VI- сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Ала-Бука районунун жашоочусу Маллаев Умардын Ала-Бука райондук суу чарба башкармалыгындагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын “Ардак граммотасына” сунуш кылынсын.
2. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялансын.
3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Социалдык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М.Мамырбеков |