Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVI чакырылышынын кезектеги
2019-жылдын 31-июлу № 6/3
Ала-Бука районунун жашоочусу Абдыманап кызы Перизатка материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө
Ала-Бука районунун жашоочусу Абдыманап кызы Перизаттын ден-соолугу начарлыгына байланыштуу материалдык жардам көрсөтүү жөнүндөгү арызын карап чыгып, Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI -чакырылышынын кезектеги VI- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Бука районунун жашоочусу Абдыманап кызы Перизаттын ден-соолугу начарлыгына байланыштуу 10 000 (он мин ) сом өлчөмүндө материалдык жардам көрсөтүлсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышын Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысына, финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Э.Карабаевге милдеттендирилсин.
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М.Мамырбеков |