Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVI чакырылышынын кезектеги
2019-жылдын 31-июлу № 6/4
Достук айылынын № 10 ҮДТ нын жылытуу системасын оңдоп түзөтүү иштерине акча каражатын бөлүү жөнүндө
Достук айылынын айыл башчысы Р. Ниязматовдун жана жергиликтүү кенештин депутаты Э. Атабаевдин сунуштарын угуп жана талкуулап, Ала-Бука айыл кеңешинин ХХVI- чакырылышынын кезектеги VI- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Бука айыл аймагынын Достук айылында жайгашкан № 10 ҮДТ нын жылытуу системасы капиталдык оңдоп түзөтүү иштерине 300 (үч жүз ) мин сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2 Бул токтомдун аткарылышын Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысына, финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Э.Карабаевге милдеттендирилсин.
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М.Мамырбеков |