Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы
2019-жылдын 27-августу №XXVI-3
Ноокат шаар мэриясынын, шаардык кенешинин, муниципалдык менчик департаментинин кызматкерлерине кошумча төлөмдөрдү төлөө үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-апрелиндеги №258 “Оор жумуштар жана зыяндуу же эмгек шарттары кооптуу жүмүштар үчүн кошумча төлөмдөрдү белгилөөнүн тартиби жөнүндө” жобосун жана Өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштардын типтүү тизмесин (оор жумуштар, зыяндуу, кооптуу жана башкача өзгөчө эмгек шарттардагы жумуштар) бекитүү жөнүндөгү токтомун аткарууга алуу менен, Ош облустук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун 2019-жылдын 28-июнундагы №752-778 протоколун эске алуу менен Ноокат шаар мэриясынын, шаардык кенештин, муниципалдык менчик департаментинин кызматкерлерине иш-кагаздарын жүргүзүүдө компьютер жана башка оргтехникалар менен иштешип ден-соолугуна келтирген зияндуулугуна байланыштуу акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,3-бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Ноокат шаар мэриясынын 2019-жылдын бюджетинин үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен 2019-жылдын август айынан баштап иш-кагаздарын жүргүзүүдө компьютер жана башка оргтехникалар менен иштөөсүндө ден-соолуктарына келтирген зыяндуулугуна байланыштуу кошумча төлөмдөр төмөндөгүчө бөлүнүп берилсин:
-701-бөлүм үчүн шаар мэриясынын жана кенештин кызматкерлерине 297 382 (эки жүз токсон жети миң үч жүз сексен эки) сом, соц.фонд үчүн 51 298 (элүү бир миң эки жүз токсон сегиз) сом;
709-бөлүм үчүн 21 375 (жыйырма бир миң үч жүз жетымыш беш) сом, соц.фонд үчүн 3 687 (үч миң алты жүз сексен жети) сом;
-Шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин кызматкерлерине 65 815 (алтымыш беш миң сегиз жүз он беш) сом, соц.фонд үчүн 11 353 (он бир миң үч жүз элүү үч) сом акча каражаттары ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Гафаров |