Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы
2019-жылдын 27-августу №XXVI-6
Ноокат шаарынын Х.Самиев атындагы орто мектебинин ашканасынын электро монтаж иштерин жасоо үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын Х.Самиев атындагы орто мектебинин ашканасынын электро монтаж иштерин жасоо үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Ноокат шаарынын Х.Самиев атындагы орто мектебинин ашканасынын электро монтаж иштерин жасоо үчүн үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен 56 465 (элуу алты миң төрт жүз алтымыш беш) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Гафаров |