Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы
2019-жылдын 27-августу № XXVI-8
Ноокат шаарынын аймагындагы “Растишка” “Мектепке чейинки билим берүү мекемесине үч фаздуу электр энергиясын тартып берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын аймагындагы “Растишка” “Мектепке чейинки билим берүү мекемесине борбордук аптеканын жаныдагы трансформатордон үч фаздуу электр энергиясын тартып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Ноокат шаарынын аймагындагы “Растишка” “Мектепке чейинки билим берүү мекемесине үч фаздуу электр энергиясын тартып берүү үчүн Ноокат шаар мэриясынын 2019-жылдын бюджетинин үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен 36 750 (отуз алты миё жети жүз элуу) сом акча каражаты ажыратып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Гафаров |