Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы
2019-жылдын 27-августу № XXVI-9
Ноокат шаардык мэриясынын 2019-жылга күтүлгөн планын аткарылышы жана 2020-2022-жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндө
Ноокат шаардык мэриясынын 2019 -жылга күтүлгөн планын аткарылышы жана 2020-2022- жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү” Мыйзамынын 27-статьясынын 5 пунктуна ылайык Ноокат шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаардык мэриясынын:
-2019-жылга күтүлгөн планын 60 116,6 (алтымыш миллион бир жүз он алты миң алты жүз) сом;
-2020-жылга болжолдуу план 61 804,6 (алтымыш бир миллион сегиз жүз төрт миң алты жүз) сом;
-2021-жылга болжолдуу план 57 014,6 (элүү жети миллион он төрт миң алты жүз) сом;
-2022-жылга болжолдуу план 58 460,6 (элүү сегиз миллион төрт жүз алтымыш миң алты жүз) сомго макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Гафаров |