Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы
2019-жылдын 27-августу № XXVI-14
Бостон кварталындагы ФАП ка плита сатып алуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Бостон кварталындагы курулуп жаткан ФАП ка плита сатып алуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,3-бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Бостон кварталындагы курулуп жаткан ФАП ка плита сатып алуу үчүн Ноокат шаар мэриясынын 2019-жыл бюджетинин эсебинен 450 000 (төрт жүз элүү миё) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Гафаров |