Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 05-августу №6/1
Күнтуу айыл аймагына салына турган көп кабаттуу батирлерге бөлүнө турган жерлердин контурун которуу боюнча
Күнтуу айылдык кеңеши, талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнтуу айыл аймагында «Көгөн»-дыйкан чарбага бөлүнүп берилип, учурда колдонуп келинген жер аянты, турак жай куруу багытында трансформациядан өтүп калгандыгына байланыштуу, ошол жердеги атайын бекитилген код менен жайгашып калган №100 контурдагы 12-гектар жер аянтындагы жарандар, документтери мыйзамга ылайык келсе, Күнтуу айыл аймагындагы жайгашкан №109 контурга которулсун;
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу үчүн, Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сейдалиевге жүктөлсүн;
3. Бул токтом WWW.Kuntuu-aimak.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | У.Б.Астаркулов |