Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 05-августу № 6/2
Күнтуу айыл өкмөтүнүн карамагындагы муниципиалдык ишкананын уставын бекитүү жана алгачкы директорун бекитип берүү жөнүндө
Күнтуу айылдык кеңеши, талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнтуу айыл өкмөтүнө караштуу “Күнтуу-Спутник- муниципалдык ишканасынын уставы бекитилсин;
2. Күнтуу айыл өкмөтүнө караштуу “Күнтуу-Спутник- муниципалдык ишкананын алгачкы жолку директорун, Күнтуу айылдык кенеши бекитип берсин, башка учурда бекитилген уставга ылайык иш алып барсын;
3. Күнтуу айыл өкмөтүнө караштуу “Күнтуу-Спутник- муниципалдык ишкананын директору Султанов Улан Турарович дайындалсын;
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу үчүн, Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сейдалиевге жүктөлсүн;
5. Бул токтом WWW.Kuntuu-aimak.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | У.Б.Астаркулов |