Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 05-августу № 6/3
Күнтуу айыл аймагынын жашоочуларына көп кабаттуу үйлөр курулганда бөлүнө турган батирлер боюнча чыгарылган чечимдери жөнүндө
Күнтуу айылдык кеңеши, талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнтуу айыл аймагына көп кабаттуу үйлөр салынып бүткөндө, 30-пайызы бөлүнүп берилсин;
2. 30-пайыздык батирлердин аянтына социалдык мекемелердин аянттары эсептелинбесин;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу үчүн, Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сейдалиевге жүктөлсүн;
4. Бул токтом WWW.Kuntuu-aimak.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | У.Б.Астаркулов |