Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-марты № 85/XIII-27
Кант шаарынын аймагында жашаган аз камсыз болгон жарандарга, ошондой эле жеңилдиктерди алууга укугу бар жарандарга социалдык коргоо көрсөтүү жөнүндө
Кант шаардык мэриясынын “Кант шаарынын аймагында жашаган аз камсыз болгон жарандарга, ошондой эле жеңилдиктерди алууга укугу бар жарандарга социалдык коргоо көрсөтүү жөнүндө” маалыматын окуп чыгып, Кант шаардык кеңешинин социалдык маселелер, билим берүү, маданият, саламаттык сактоо, жаштар иштери боюнча жана спорт, коомдук тартипти сактоо боюнча туруктуу комиссиясы Кант шаардык мэриясы тарабынан бул багытта белгилүү иштер жасалып жатканын белгилейт.
Ушул учурда Кант шаарынын калкынын саны 21658 адамды түзөт, анын ичинен пенсионерлер-2827, мүмкүнчүлүгү чектелгендер-300.
01.02.2018-жылга карата социалдык паспортко ылайык жакырчылыктын деңгээли 0,9%ды түзөт.
Социалдык паспортко 2674,4 сомго чейинки киреше менен 70 аз камсыз болгон үй-бүлө камтылган.
Ушул жылдын январь айынан тартып кийинки жардам көрсөтүүнү тескөөгө алуу үчүн маалымат базасы (аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, жетим балдардын, мүмкүнчүлүгү чектелгендер ж.б.) жаңыланды Алардын баары Кант шаарындагы жарандарды тейлеген соцкызматкерлерге бекитилип берилди. 8 соцкызматкерге 230 жалгыз бой карыган жарандар бекитилди.
РСӨБнын маалыматы боюнча эсепте каттоодо тургандар:
-РСӨБнын соцкызматкерлери тарабынан тейленген 230 жалгыз бой карыя адамдар;
-бир убакта ай сайын аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө тийиштүү көмөк пул алган 35 үй-бүлө (алардын 78и балдар);
- 312 - социалдык пасобия алуучулар;
- 77 - 18 жашка чейинки ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер;
- 93 – бала кезинен ден соолугу мүмкүнчүлүгү чектелгендер;
-37 –жалпы оорулар боюнча ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер.
Материалдык жардам көрсөтүү максатында Кант шаардык кеңеши тарабынан бекитилген Токтомго ылайык (№73/XII-27 2018-жылдын 21- декабрындагы «Кант шаардык мэриясынын 2019-жылдын бюджетин жана 2020-2021-жылдардын бюджетинин болжолун бекитүү жөнүндө») керектөөлөргө жергиликтүү бюджеттен акча каражаты бөлүнөт.
Кант шаарынын мэриясы балдарды коргоо боюнча аймактык тиешелүү органдардын бөлүмчөлөрү менен бирге балдарды коргоо боюнча (РСӨБнын үй-бүлө жана балдарды колдоо боюнча бөлүмү) турмуштук оор жагдайларга кабылган балдарды коргоо, аныктоо, ылайыктуу жардам көрсөтүү багытында функцияларын ишке ашырууда тыгыз иш алып барат.
РСӨБнын эсебинде турат:
- 25 (алардын 31и наристелер) бакма үй-бүлө;
- 11 бала – тоголок жетим;
- 85 бала – жарым жетим.
Кант шаарында аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдн 48 баласы тарбияланган «Сюзен» жана «Үмүт» 2 муниципалдык адаптациялык борбору бар. Атайын камкордук керек болгон балдар үчүн 15 балага ылайыкталган «Нур» күндүзгү борбору иштейт.
Азыркы учурда борборго 4 дарттуу (ДЦП) бала барат.
Жашы жете элек, ата-энесинен кароосуз калган балдар үчүн «Алтын Уя» үй-бүлө тибиндеги үйү иш жүргүзүп, учурда 8 бала жашайт.
Бардык балдар уюмдары Кнат шаарынын жергиликтүү бюджетинен каржыланат.
КРнын 2013-жылдын 23-апрелиндеги №56-«КРнын калкын социалдык тейлөөнүн негиздери жөнүндө» Мыйзамына ылайык аткаруучу бийлик органдары оор турмуш шартына кабылган жарандарга материалдык жардам - акча каражаты, азык-түлүк, кийим жана алгачкы учурларда керек болгон буюмдар, ошондой эле башкалардын камкордугуна муктаж болгон жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга атайын транспорттук, техникалык каражаттардын кызмат көрсөтүүгө чакырылган.
Бул максатта Кант шаарынын мэриясы Кант шаардык кеңешинин жогоруда көрсөтүлгөн токтомуна ылайык жергиликтүү бюджеттен 1 миң сомдон 10 миң сомго чейин материалдык жардам көрсөтөт. Материалдык жардам Кант шаарынын тургундарынан келип түшкөн арыздын негизинде жана социалдык паспорту бар жарандарга көрсөтүлөт. Арыз жашаган жерине баруу менен комиссия аркылуу каралат. Комиссия мүчөлөрүнүн барып көрүүсү менен турмуш шартын кароо актысы түзүлөт.
2018-жылы Кант шаары боюнча ар кандай иш-чаралар өткөрүлдү:
- Афганистандан советтик аскерлердин чыгарылган күнү - 76 миң сом;
- 23-февраль «Мекенди коргоо күнү» - 46 миң сом;
- Кышты узатуу «Масленица» майрамы – 70 миң сом;
- «8-март» Аялдардын эл аралык күнүнө – 481,120 миң сом;
- 21-март «Нооруз» майрамы – 193,5 миң сом;
- Апрель элдик революциясынын 6 жылдыгы – 5,0 миң сом
- ЧАЭС катышуучулары үчүн - 23,5 миң сом;
- 9-май «Улуу Жеңиштин 72 жылдыгы» - 374,4 миң сом;
- Энелер күнү-112,8 миң сом;
- 1 июн- - Эл аралык балдарды коргоо күнүнө- 330,0 миң сом;
Күз-кыш мезгилине Кант шаарындагы калктын социалдык аялуу катмарына жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерге катуу отун алууга 192 үй-бүлөгө 960 миң сомго, УАМСтун катышуучуларына жана оорукта эмгектенгендерге-70 миң сомго (2 адамга 2 тоннадан, 10 адамга бир тоннадан) материалдык жардам көрсөтүлдү.
- Кесиптик майрамдарды майрамдоого акчалай сый акыларды берүүгө 357500 миң сом (мугалимдер күнү, медицина кызматкерлеринин күнү ж.б.) бөлүндү.
Шаар муниципалитетинин көңүлү калктын аялуу катмарын социалдык коргоо жана колдоосун өнүктүрүүгө багытталган социалдык программаларды ишке ашырууга бурулат.
Кант шаарынын аймагында катталган:
- 2 УАМСтун катышуучусу (30 тыс. сом);
- 10 оорукта эмгектенгендер (100 миң сом);
- 37 Афганистандын интернционал-аскерлери (76 миң сом);
- 17 Чернобыль АЭСнин катышуучусу (23,5 миң сом);
- 39 Баткенских окуясынын катышуучусу (39 миң сом);
- 18 Баатыр эне (72 миң сом).
2018-жылдын жыйынтыгы менен жогоруда көрсөтүлгөн категорияларга жергиликтүү бюджеттен 340,5 миң сом бөлүндү.
1-октябрь-Карылар күнүн өткөрүүгө жана социалдык колдоо көрсөтүү максатында мэриядан 418 миң сом акча каражаты бөлүндү.
Баткен облусундагы согуш аракеттеринин аяктагынын 18 жылдыгына карата катышуучулардын ар бирине 1000 сомдон, жалпы 30 миң сом материалдык жардам көрсөтүлдү.
Отчеттук мезгилде аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жергиликтүү бюджеттен 976 миң сом (5 миң сомдон 155 кишиге, 3 миң сомдон 67 кишиге) бөлүндү.
Кант шаарындагы ДСМЧ, жетим, жарым жетим балдардын, аз камсыз болгон үй-блөлөрдүн балдарынын ден соолугун бекемдөө жана жайкы эс алууга шарт түзүү максатында жайкы каникул мезгилинде Кант орто мектептеринин базасында жайкы лагерлер уюштурулду. Мектеп алдындагы лагерде жалпы 250 бала эс алды. Кант шаарынын мэриясынан 300 миң сом бөлүндү; 59 бала 383,5 миң сомго Ысык-Көлгө эс алууга жиберилди.
1. Кант шаардык мэриясынын “Кант шаарынын аймагында жашаган аз камсыз болгон жарандарга, ошондой эле жеңилдиктерди алууга укугу бар жарандарга социалдык коргоо көрсөтүү жөнүндөгү” маалыматы кошумча жана өзгөртүүлөр менен кабыл алынсын.
2. Кант шаардык мэриясына калктын социалдык тейлөөгө муктаждыгын баалоону өткөрүү, оор турмуштук абалдагы үй-бүлөлөрдүн жана балдардын эсебин аныктоо боюнча жетишсиз иштери көрсөтүлсүн.
3. Кант шаарынын мэриясы КРнын «Балдар жөнүндө» Кодексине ылайык иш-чаралардын комплексин аткаруу боюнча чара кабыл алсын.
4. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана жарандарга социалдык колдоо жана материалдык жардам көрсөтүү боюнча ишти жакшыртсын.
5. Үй-бүлөлөрдүн жашоо абалын жакшыртуу жана жакырчылыктын босогосунан алып чыгуу программасын ишке ашыруу максатында жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүү боюнча иштер жүргүзүлсүн.
6. Кант шаардык мэриясы турмуштук оор абалга кабылган үй-бүлөлөрдү, балдарды аныктап эсепке алуу функциясынын аткарылышы жөнүндөгү маалыматты бекитилген формага ылайык квартал сайын Кант шаардык кеңешине берип турсун.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин социалдык маселелер, билим берүү, маданият, саламаттык сактоо, жаштар иштери, спорт жана коомдук тартипти сактоо боюнча туруктуу комиссиямсына (У.А.Кадыров) жүктөлсүн.
Төрага | А.Шайлдабеков |