Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 18-февралы № 1
Кыргыз республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык
бөлүнүшүнүн жетекчиси А Акматовдун жазма буйругун кароо жөнүндө
Кыргыз республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн жетекчиси А Акматовдун жазма буйругун аткаруу максатында айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы башчысы Ч Төлөнованын маалыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык Кенешинин ХХVII-чакырылышынын 31-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Момбеков айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Ч Төлөнованын маалыматы эске алынсын.
2. Ауидиттин жыйынтыгы боюнча кетирилген кемчиликтерге жол берген кызматкерлерге тийиштүү чара көрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы
Ж Сейитовага жүктөлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384-токтомунун талаптары толугу менен аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж Сейитовага жүктөлсүн.
4. Негизги каражаттарга толугу менен инвентаризация өткөрүү менен жаӊы бүткөн имараттарды бухгалтердик эсепке алуу жагы финансы экономика бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Жайыт бирикмесинин бюджети 2017-2018-жылдар үчүн бекитилбегендигине байланыштуу Жайыт комитетинин төрайымы К Төлөновага мыйзам чегинде чара көрүү жагы айыл өкмөт башчысы Ж Сейитовага жүктөлсүн.
6. Мамлекеттик сатып алууларды ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 3-апрелиндеги № 72 “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамынын максаттары жана принциптери толук аткарууга алуу жагы инвестицияларды тартуу боюнча башкы адиси Т Эгембердиевге жана финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Ч Төлөновага жүктөлсүн.
7. Кабыл алынган токтом Акыйкат гезитине жарыялансын.
8. Токтомду аткаруу жана көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж Сейитовага жүктөлсүн.
Момбеков айыл аймагынын Момбеков айылдык кенешинин төрагасы | Т. Стамбаев |