Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
13-сессия
2019-жылдын 19-марты № 88/XIII-27
Кант шаарынын аксакалдар сотунун курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соту жөнүндө” Мыйзамына ылайык жана Кант шаардык мэриясынын аксакалдар сотунун курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүнүндөгү 18.03.2019-ж. №01-14/177 өтүнүч катынын негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Адылова Самат Муратович–башкы адистин (юрист) милдетин аткаруучу башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Кант шаарынын аксакалдар сотунун курамынан чыгарылсын.
2. Фаст Екатерине Петровна-Кант шаарынын тургундарынын атынан Кант шаарынын аксакалдар сотунун курамына киргизилсин.
3. Кант шаарынын аксакалдар соту төмөнкү курамда бекитилсин:
Томашевская Айнагуль Кенешбековна
Дунганаева Раиса Ибрагимовна
Фаст Екатерина Петровна
Андрусевич Сергей Борисович
Рысалиева Джибек Ишенбаевна
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык маселелер, билим берүү, маданият, саламаттык сактоо. Жаштар иштери, спорт жана коомдук тартипти сактоо туруктуу комиссиясына (У.А.Кадыров) жана Кант шаарынын вице-мэрине У.М.Мусаев) жүктөлсүн.
Төрага | А.Шайлдабеков |