Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
13-сессия
2019-жылдын 19-марты № 87/XIII-27
Кант шаарынын жолдорун асфальттоо, шагыл төгүү жана көчөлөрүн жарыктандыруу жөнүндө
Шаар курулуш, өнөр жай, транспорт коммуникация жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин, ошондой эле Кант шаардык мэриясынын “Кант шаарынын жолдорун асфальттоо, шагыл төгүү жана көчөлөрүн жарыктандыруу жөнүндө”маалыматын карап чыгып
2019-жылы ички жолдорду тейлөөгө 25500.0 миң сом өлчөмүндө акча каражаты каралган.
Жолдорду асфальттоо, жыртыктарды жамоо жана шагыл төгүү иштеринин толук тизмеси жолдордун абалын текшерүүдөн кийин жана «Кант шаарынын суу жабдыктарын реабилитациялоо» долбоорунун иш планынын макулдашуусунан кийин берилет.
Көчөлөрдү жарыктандыруу боюнча бүгүнкү күндө Ванахун көчөсү боюнча иштер аяктады, Л.Толстой көчөчү боюнча тендер өткөрүлүп, билдирмелердин баары четтетилди. Тендер кайрадан жарыяланды. Алиев, Красноармейская көчөлөрү боюнча техникалык маселелер жаралгандыгына байланыштуу «Түндүэлектро» ААКна аягына чейин иштетүүгө жиберилди. Полевая-Тулебердиев, 60 лет ЛКСМ көчөлөрү боюнча «Түндүкэлектро» ААКна долбоор тапшырылды.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаарынын мэриясынын «Кант шаарынын жолдорун асфальттоо, шагыл төгүү жана көчөлөрүн жарыктандыруу жөнүндө” маалыматы кошумча, менен кабыл алынсын.
2. Бул токтомдун аткарылышы жөнүндө Кант шаардык кеңешине квартал сайын маалымат берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин шаар курулуш, өнөр жай, унаа, коммуникация жана жер маселеси боюнча туруктуу комиссиясына (Сулайманов Н.И.) жүктөлсүн.
Төрага | А.Шайлдабеков |