Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
14-сессия
2019-жылдын 13-июну № 92/XIII-27
Рысалиева Джибек Ишенбаевнага «Кант шаарынын ардактуу жараны» наамын ыйгаруу жөнүндө
Кант шаардык кеңешинин социалдык маселелер, билим берүү, маданият, саламаттык сактоо, жаштар иштери, спорт жана коомдук тартипти сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин жана Кант шаардык мэриясынын Рысалиева Джибек Ишенбаевнага “Кант шаарынын ардактуу жараны” наамын ыйгаруу жөнүндөгү № 07.05.2019-ж. №01-14/323-катын карап чыгып
Рысалиева Джибек Ишенбаевна 1949-жылы 15-майда Кант районунун Алмалы айылында жумушчунун үй-бүлөсүндө туулган. Финансы-экономикалык техникумун аяктаган. Техникумду аяяктагандан кийин Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин багыттамасы боюнча Кантрайфинбөлүмүнө жумушка кабыл лаынган. 1973-жылдан 1983-жылга чейин насыялык инспектор, Кантмамбанкында экономист болуп эмгектенген.
Мамлекеттик ири ишкана-Кант цемент-шифер комбинатын, Канттагы кант заводун, ремонт-механикалык заводун, комплектация базасын, оку-өндүрүш ишканасын («КОС» жана «КОГ») тейлеген.
1978-жылы КПССтин катарына кабыл алынган. 1988-жылы Кант жүк ташуучу базасында кадр бөлүмүнүн башчысы, партия уюмунун секретарынын орун басары болуп иштеген. Кант райком партиясынын партиялык комиссиясынын мүчөлүгүнө шайланган.
Иштеген жылдары Джибек Ишенбаевна өзүн демилгелүү, оор кырдаалдарга чечим кабыл алууга жөндөмдүү жана өз ишмердүүлүгүн жыйынтыгы үчүн жоопкерчиликти ала ала турган жоопкерчиликтүү, ишенимдүү кызматкер катары көрсөтө алды. Анны компетенттүүлүгү, коюлган маселелерди чечүүгө так мамилеси жана өзүнүн эмгек жамаатына көңүл бура алган макмилеси айырмалап турат.
Джибек Ишенбаевнанын ишине болгон ак ниеттүү мамилеси, райондун коомдук иштерине жигердүү катышуусу бир нече ирет сыйлыктарга татыган. Ал «Эмгектин ардагери», медалы, Кыргыз Республикасынын транспорт министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган.
2010-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Дж.И.Рысалиева №5-кварталдык комитетинин төрайымы болуп эмгектенип келет. 2018-жылдан бери карай Кант шаарынын аксакалдар сотунун мүчөсү.
Үч баланын энеси.
Рысалиева Джибек Ишенбаевна – ак ниет жана жатык, Кант шаарынын жашоочуларынын арасында кадыр-баркка ээ.
Жогоруда көрсөтүлгөндөрдүн негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Рысалиева Джибек Ишенбаевнага «Кант шаарынын ардактуу жараны» наамы ыйгарылсын.
2. Кант шаардык кеңешинин аппараты бул токтомго ылайык Дж.И.Рысалиевага тапшыруу үчүн грамота, «Кант шаарынын ардактуу жараны» Ардактуу тасмасын даярдоону камсыз кылсын.
Төрага | А.Шайлдабеков |