Загрузка документа…
ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(VI шайланган) заседаниеси
2019-жылдын 18-марты № 23/3
«Чалма айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча түзүлгѳн атайын комиссиянын 2019-жылдын 11-мартындагы чечимин бекитүү жѳнүндѳ
Өлкѳбүздүн экономикалык , интеллектуалдык жана рухий потенциалын арттырууга салым кошкон жарандардын эмгегин баалоо жана алардын элдин жана мамлекеттин алдында коомдук –маданий, гуманитардык , кайрымдуулук жана башка иштердеги эмгектерин таануу максатында Чалма айылдык Кенеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. «Чалма айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча түзүлгѳн атайын комиссиянын 2019-жылдын 11-мартындагы №1 чечими бекитилсин.
2.«Чалма айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча түзүлгѳн атайын комиссиянын 2019-жылдын 11-мартындагы №1 чечимине ылайык , тѳмѳндѳгү жарандарга 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча «Чалма айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын жана «Чалма айыл аймагынын ардактуу атуулу» тѳш белгиси , ошондой эле Чалма айылдык Кенешинин ардак громатасы менен сыйланышсын.
- Султанбеков Сабырбек ,ишкер.
- Жээнбеков Арын ,ишкер.
- Сатыбалдыев Курстан, ишкер.
3. Ардак наам ээлерине сыйлыктарды тапшыруу , Жобого ылайык, 2019-жылдын 21-мартында ѳтүүчү майрамдык салтанатка белгиленсин жана анын аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу «Чалма айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча түзүлгѳн атайын комиссиянын тѳрагасы Балтабаев Жыргалга милдеттендирилсин.
Төрага | Кадыркулов.А |