Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-январы № 156
Орозбеков айылынын тургуну А.Сайпиевдин Күлдү айылынын Кызыл-Мазар участкасында жайгашкан №1161-номердеги скважина көптөн бери иштебей тургандыктан, аны чет элдик демөөрчүлөрдүн (Араб демөөрчүлөрү) каражаты менен оңдотуп-түзөтүп, суу чыгарып иштетүүгө уруксат сураган арызын угуп жана талкуулап чыгып, Орозбеков айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орозбеков айыл аймагынын Күлдү айылынын Кызыл-Мазар участкасында жайгашкан №1166-номердеги скважинаны чет элдик демөөрчүлөрдүн каражаты менен оңдотуп-түзөтүп, суу чыгарып иштетүүгө уруксат берилсин.
2. Орозбеков айыл өкмөтүнө (А.Жолдошов) чет элдик инвесторлор тарабынан каржыланып, жүргүзүлүүчү оңдоп-түзөө иштерине көзөмөл жүргүзүү жагы тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Назарбаев |