КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
2017-жылдын 21-августу № 2
“Чапчыма” ЖЧКсына тиешелүү гаражды сатуу алуу жөнүндө
“Чапчыма” ЖЧКнын директору М.Карабаеванын “Чапчыма” ЖЧКсына тиешелүү гаражды сатуу боюнча айыл аймакка сунуш кылган кайрылуусун айылдык Кеңештин сессиясында карап чыгып, Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Чапчыма” ЖЧКнын директору М.Карабаеванын “Чапчыма” ЖЧК га тиешелуу гаражды сатуу боюнча айыл аймакка сунуш кылган кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагына “Чапчыма” ЖЧК га тиешелүү гаражды сессияда айтылган айрым сунуштарды эске алуу менен:
-айрым түшүп калган шиферлерин оңдоо
-айлана -тегерегин тосуу жана дарбаза коюу ,
бааланган суммага ылайык сатып алууга уруксат берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |