Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-августу № 3
Спорт аянтчасын куруп берүү жөнүндө
Айгыр-Жал айылынын Чапаев жана Кармоцех участкасынын жашоочуларынын спорт аянтчасын куруп берүү боюнча кайрылуусун айылдык Кеңештин сессиясында карап чыгып, Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айгыр-Жал айылынын Чапаев жана Кормацех участкасынын жашоочуларынын спорт аянтчасын куруп берүү боюнча кайрылуусу эске алынсын.
2. Айгыр-Жал айылынын Чапаев жана Кормацех участкасына спорт аянтчасын курууга жер аянты такталып берилсин, акча каражат бөлүп берүү боюнча 2018-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүү программасына киргизип , түзүлгөн долбоорго ылайык иш алып баруу Каныш-Кыя айыл аймагына тапшырылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комитетке жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |