Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-августу № 4
Токтоназаров Ильяска материалдык жардам берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Айгыр-Жал айылынын тургундарынын Токтоназаров Ильястын ден соолугуна байланыштуу акча каражат бөлүп берүүгө уруксат сураган кайрылуусун айылдык кеңештин сессиясында карап чыгып, Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Айгыр-Жал айылынын тургундарынын Токтоназаров Ильястын ден соолугуна байланыштуу акча каражат бөлүп берүүгө уруксат сураган кайрылуусу эске алынсын.
2. Айгыр-Жал айылынын тургуну Токтоназаров Ильястын ден соолугуна байланыштуу Каныш-Кыя айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен 100 000 (жүз миң) сом акча каражатын мыйзамдуу чечип берүүгө уруксат берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комитетке жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |