Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-августу № 5
Чакмак-Суу айылынын жаңы мектепти инвентарлар менен камсыздоо,айланасын короолоо боюнча кайрылуусун кароо жөнүндө
Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Чакмак-Суу айылынын тургундарынын жаңы курулуп жаткан мектептин айланасын короолоп жаңы инвентарлар менен камсыздап берүү боюнча кайрылуусун айылдык кеңештин сессиясында карап чыгып, Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Чакмак-Суу айылынын тургундарынын жаны курулуп жаткан мектептин айланасын короолоп жаны инвентарлар менен камсыздап берүү боюнча кайрылуусу эске алынсын.
2.Чакмак-Суу айылына курулуп жаткан жаны мектептин айланасын королоо боюнча иштер 2018-жылдын программасына киргизилип , жаңы инвентарлар менен камсыздоо боюнча тиешелүү мекемелер менен бирге Билим берүү министрлигине кат жолдоо керектиги белгиленсин.
1. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
2. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика жана бюджет жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |