Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-августу № 6
Каныш-Кыя айылына сейил бак куруу боюнча кайрылууну кароо жөнүндө
Чаткал районунун жаштарынын райондун борборундагы Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу паркка сейил багын куруу боюнча жергиликтүү бюджеттен акча каражат сураган кайрылуусун айылдык кенештин сессиясында карап чыгып, Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал районунун жаштарынын райондун борборундагы Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу паркка сейил багын куруу боюнча жергиликтүү бюджеттен акча каражат сураган кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу паркка сейил багын куруу 2018-жылдын социалдык экономикалык өнүгүү программасына киргизилип, долбоорун жана сметасын түзүп иш алып баруу жагы Каныш-Кыя айыл аймагына тапшырылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комитетке жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |