Редакцияот 21.08.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы

 

2017-жылдын 21-августу № 7

Кожобеков Ойгонбайга материалдык жардам берүү жөнүндө

Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Каныш-Кыя айылынын тургуну Кожобеков Ойгонбайдын небереси Ойгонбаев Баямандын ден соолугуна байланыштуу акча каражат бөлүп берүүгө уруксат сураган кайрылуусун айылдык кенештин сессиясында карап чыгып, Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Каныш-Кыя айылынын тургуну Кожобеков Ойгонбайдын небереси Ойгонбаев Баямандын ден соолугуна байланыштуу акча каражат бөлүп берүүгө уруксат сураган кайрылуусу эске алынсын.

2. Каныш-Кыя айылынын тургуну Ойгонбаев Баямандын ден соолугуна байланыштуу Каныш-Кыя айыл аймагы бюджеттеги мүмкүнчүлүгүнө карап 100 000 (жуз миң) сомго чейин мыйзамга ылайык чечип берүүгө уруксат берилсин.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5. Бул токомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комитетке жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.

 

Төрага

Ж. Бегалиев