КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
2017-жылдын 21-августу № 8
Аймактагы мектептердин кайрылуулары жөнүндө
Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу мектептердин ар кандай зарыл иштерге акча каражат сурап кайрылган кайрылуусун айылдык кенештин сессиясында карап чыгып, Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу мектептердин ар кандай зарыл иштерге акча каражат сураган кайрылуусу эске алынсын.
2. Мектептердин кайрылууларын жергиликтүү бюджеттеги мүмкүнчүлүктөргө карап, мыйзамдуу чечип берүү жагы Каныш-Кыя айыл аймагына тапшырылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика жана бюджет жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |