КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
2017-жылдын 21-августу № 9
Арканын жанына илбирстин айкелин коюу жөнүндө
Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Каныш-Кыя айылына орнотулган арканын жанына демөөрчүлөр тарабынан жасалган илбирстин айкелин орнотууга уруксат сурап кайрылган кайрылуусун айылдык Кеңештин сессиясында карап чыгып, Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Каныш-Кыя айылына орнотулган арканын жанына демөөрчүлөр тарабынан жасалган илбирстин айкелин орнотууга уруксат сураган кайрылуусу эске алынсын.
2. Арканын жанындагы жерди тегиздеп,ылайыктуу жерлерине отургуч коюп королоо жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү Каныш-Кыя айыл аймагына тапшырылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |