Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-августу № 10
Ормошов Дуйшөнкулга материалдык жардам берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Каныш-Кыя айылынын тургуну Ормошев Дүйшөнкулдун турмуш шартына байланыштуу акча каражат бөлүп берүүго уруксат сураган кайрылуусун айылдык кеңештин сессиясында карап чыгып, Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Каныш-Кыя айылынын тургуну Ормошев Дуйшонкулдун турмуш шартына байланыштуу акча каражат бөлүп берүүгө уруксат кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айылынын тургуну Ормошев Дүйшөнкулга жергиликтүү бюджеттен 10 000 (он миң) сом акча каражатын берүүгө уруксат берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комитетке жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |