Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-августу № 11
Каныш-Кыя айылынын тургуну Алибекова Нүргүлдүн кайрылуусу жөнүндө
Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Каныш-Кыя айылынын тургуну Алибекова Нургулдун турмуш -шартына байланыштуу материалдык жардам берүү боюнча кайрылуусун айылдык кеңештин сессиясында карап чыгып, Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Каныш-Кыя айылынын тургуну Алибекова Нургулдун турмуш- шартына байланыштуу акча каражат сураган кайрылуусу эске алынсын.
2. Алибекова Нургулдун арызын мыйзамга ылайык чечүү жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын кароосуна калтырылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комитетке жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |