Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-августу № 12
Студенттерге каражат бөлүп берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу айылдардагы студенттердин акча каражат бөлүп берүүгө уруксат сураган кайрылуусун айылдык кенештин сессиясында карап чыгып, Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу айылдардагы студенттердин акча каражат сураган кайрылуусу эске алынсын.
2. Студенттердин кайрылуусун мыйзамга ылайык чечүү жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын кароосуна калтырылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комитетке жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |