КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
2017-жылдын 21-августу № 13
Наристе бала бакчасынын ремонт иштерине каражат бөлүп берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Наристе балдар бакчасынын директору А.Козубаеванын бала бакчанын ремонт иштериндеги айрым кемчилдиктерине жергиликтүү бюджеттен акча каражат бөлүп берүү боюнча кайрылуусун айылдык кенештин сессиясында карап чыгып, Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Наристе балдар бакчасынын директору А.Козубаеванын бала бакчанын ремонт иштериндеги айрым кемчилдиктерине жергиликтүү бюджеттен акча каражат бөлүп берүү боюнча кайрылуусу эске алынсын.
2. Кайрылууда көрсөтүлгөн кемчилдиктерди тиешелүү адистер менен карап, долбоорго кошумча акча каражат бөлүү менен ишти аягына чыгаруу жагы Каныш-Кыя айыл аймагына тапшырылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комитетке жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |