Редакцияот 21.08.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы

 

2017-жылдын 21-августу № 14

Чакмак-Суу мектебинин 10-классын ордунда калтыруу жөнүндө

Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Чакмак-Суу негизги мектебинин жаңы ачылган 10-классты ордунда калтыруу боюнча кайрылуусун айылдык кеңештин сессиясында карап чыгып, Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Чакмак-Суу негизги мектебинин 10-класс боюнча кайрылуусу эске алынсын.

2. Чакмак-Суу айылынан башка мектепке каттап окууга климаттык шарты оор экендигин эске алуу менен окуучулардын билим алуусуна шарт түзүп берүү үчүн 10-классты ордунда калтырууга уруксат берилсин.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.

 

Төрага

Ж. Бегалиев