ТоктомКүчүндө

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин 2017-жылдын 21-августундагы № 17 «А.Баймырзаев атындагы орто мектебинин 8-9-10-11-класстарын ордунда калтыруу жөнүндө» токтому

Редакция21.08.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы

 

2017-жылдын 21-августу № 17

А.Баймырзаев атындагы орто мектебинин 8-9-10-11-класстарын ордунда калтыруу жөнүндө

Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу А.Баймырзаев атындагы орто мектебинин 8-9-10-11-класстарындагы окуучулардын санынын жетишпегендиги боюнча кайрылуусун айылдык Кеңештин сессиясында карап чыгып, Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу А.Баймырзаев атындагы орто мектебинин 8-9-10-11-класстар боюнча кайрылуусу эске алынсын.

2. Каныш-Кыя айылындагы башка мектепке каттап окууга климаттык шарттын оордугун эске алуу менен окуучулардын билим алуусуна шарт түзүп берүү үчүн 8-9-10-11-класстарды ордунда калтырууга уруксат берилсин.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.

 

Төрага

Ж. Бегалиев