Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-августу № 18
К.Акназаров атындагы орто мектебинин 10-11-класстарын ордунда калтыруу жөнүндө
Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу К.Акназаров атындагы орто мектебинин 10-11-класстарына окуучулардын санынын жетишпестиги боюнча кайрылуусун айылдык Кеңештин сессиясында карап чыгып, Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу К.Акназаров атындагы орто мектебинин 10-11-класстар боюнча кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагындагы башка мектептерге каттап окууга климаттык шартынын оордугун эске алуу менен окуучулардын билим алуусуна шарт түзүп берүү үчүн 10-11-класстарды ордунда калтырууга уруксат берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |