Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-октябры № 1
Жайыттарды туура пайдалануу жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IX сессиясы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин 17.05.2017-жылдагы № 7/1 буйругуна ылайык Каныш-Кыя айыл аймагындагы жайытка малдарды жайгаштыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге көзөмөл жүргүзүү боюнча түзүлгөн убактылуу комиссиянын берген маалыматын угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагындагы жайытка малдарды жайгаштыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге көзөмөл жүргүзүү боюнча түзүлгөн убактылуу комиссиянын берген маалыматы эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагындагы жайытка малдарды жайгаштыруу боюнча кемчилдиктер эске алынып,кемчиликтерди жоюу боюнча Каныш-Кыя айыл аймагынын Жайыт комитетине эскертилсин жана 2018-жылга карата жайыт комитетинин ишин көзөмөлгө алуу жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Н.Жолдошевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер жана агрардык маселелер,айыл чарбасы,өнөр жайы жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |