Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-октябры № 2
Аймактагы муниципалдык обьектилердин абалы жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IX сессиясы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин 17.05.2017-жылдагы №5 буйругуна ылайык Каныш-Кыя айыл аймагында жайгашкан бала бакчалардын жана мектептердин,саламаттыкты сактоо жана спорт тармагынын жалпы абалы боюнча социалдык комитеттин маалыматын угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагында жайгашкан бала бакчалардын жана мектептердин,саламаттыкты сактоо тармагынын жалпы абалын карап чыгуу боюнча социалдык комитетинин берген маалыматы эске алынсын.
2. Айыл аймакта жайгашкан бала бакчалардын,мектептердин жалпы абалын карап чыкканда төмөндөгүдөй кемчилдиктерди жоюу белгиленсин:аймактагы бардык бала бакчалар жана мектептердин курулуш жана ремонт иштерин жүргүзүүдө сметаларын долбоорлорун даярдоодо тиешелүү шарттарынын баарын эске алуу менен сапаттуу түзүлүшү эске алынсын жана жергиликтүү бюджеттин сарамжалдуу сарпталышына талап коюлсун.
3. Кетирилген кемчилдиктерди жоюу боюнча мектеп директорлору,бала бакчалардын башчылары кечиктирилгис чараларды корушсун.
4. Жогорудагы кетирилген кемчилдиктерди ордуна келтирүү боюнча иштерди тиешелүү адистери менен аткарууга алуу жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Н.Жолдошевге милдеттендирилсин.
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |