КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2017-жылдын 30-октябры № 3
Салыктардын жарым жылдык келип түшүүсү жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IX сессиясы,Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин 17.05.2017-жылдагы №4 буйругуна ылайык Каныш-Кыя айыл аймагына келип түшүүчү салыктардын жарым жылдык аткарылышы боюнча финансы,экономика жана бюджет боюнча туруктуу комитетинин берген маалыматын угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын 2017-жылдын 6 ай ичиндеги келип түшүүчү салыктардын аткарылышы боюнча финансы,экономика жана бюджет боюнча туруктуу комитетинин берген маалыматы эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагынын 2017-жылдын 6 ай ичиндеги келип түшүүчу салыктардын аткарылышы боюнча айтылган сын-пикирлерди эске алуу менен 2017-жылдын аягына чейин салык төлөмдөрүнүн аткарылышын толук камсыз жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Н.Жолдошевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айылдык Кенешинин финансы,экономика жана бюджет боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |