Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-октябры № 6
КААБнун төрагасы Т.Мырзалиевдин эмгек акысы жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IX сессиясы Каныш-Кыя айыл аймагынын Т.Мырзалиевдин эмгек акысын төлөп берүү жөнүндөгү арызы боюнча кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Коомдук алдын алуу борборунун төрагасы Т.Мырзалиевдин кайрылуусу эске алынсын.
2. Коомдук алдын алуу борборунун төрагасы Т.Мырзалиевдин эмгек маянасын төлөп берүү боюнча мыйзам чегинде иш алып баруу Каныш-Кыя айыл аймагына милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук ,укук тартиби жаратылышты коргоо,экологияны коргоо жана этика боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |