Редакцияот 30.10.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IX сессиясы

 

2017-жылдын 30-октябры № 7

Наристе бала бакчасынын кошумча ремонт иштери жөнүндө

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IX сессиясы Каныш-Кыя айыл аймагындагы Наристе бала бакчасынын кошумча ремонт иштери жөнүндөгү Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысынын кайрылуусун карап жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Наристе бала бакчасы боюнча Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысынын кайрылуусу эске алынсын.

2. Каныш-Кыя айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинде 2017-жыл үчүн акча каражаты чектелүү болгондуктан,Наристе бала бакчасынын кошумча ремонт иштери 2018-жылдын социалдык-экономикалык программасына киргизүү сунушталсын.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жоопту катчысына милдеттендирилсин.

5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.

 

Төрага

Ж. Бегалиев