Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-октябры № 8
Жайыт жерлерин пайдалануу үчүн төлөмдөрдү эсепке киргизүү жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IX сессиясы КРсынын бюджеттик кодексинин жана “Жайыттар жөнүндө”КРсынын мыйзамынын ченемдерине ылайык келтирүү максатында КРсынын финансы министрлиги “жайыт жерлерин пайдалануу үчүн төлөмдү”эсепке киргизүү жана пайдалануу боюнча Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысынын кайрылуусун карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт жерлерин пайдалануу үчүн төлөмдөрдү эсепке киргизүү боюнча Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысынын кайрылуусу эске алынсын.
2. КРсынын бюджеттик кодексинин жана “Жайыттар жөнүндө” КРсынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык тиешелүү мекемелер менен бирдикте типтүү келишим түзүлсүн жана аткарууга алынсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер жана агрардык маселелер,айыл чарбасы,онор жайы жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |