КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2017-жылдын 30-октябры № 9
Социалдык обьектилерге кошумча жылытуу системаларын киргизүү жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IX сессиясы,Каныш-Кыя айыл аймагындагы айрым социалдык мекемелерге кошумча отун көмүр алуу жөнүндөгү Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысынын кайрылуусун карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагындагы айрым социалдык мекемелерге кошумча отун көмүр алуу жөнүндөгү Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысынын кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагынын жергиликтүү бюджетиндеги акча каражатын үнөмдөө максатында алтерьнативдик электр энергиясы менен жылытуу системалары киргизилсин жана жылытуу системаларын кыш мезгилинде үзгүлтүккө учуратпоо үчүн генераторлор менен камсыз кылуу каралсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |