Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-октябры № 10
Кайың-Суу балдар бакчасынын жылытуу иштерине кошумча каражат бөлүү жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IX сессиясы Каныш-Кыя айыл аймагындагы Кайын-Суу участкасындагы жаңы салынып жаткан Кайын-Суу бала бакчасынын жылытуу системалары үчүн кошумча каражат бөлүп берүү жонүндөгү Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысынын кайрылуусун карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайын-Суу участкасындагы жаңы салынып жаткан бала бакчанын жылытуу системалары үчүн кошумча каражат бөлүп берүү жөнүндөгү Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысынын кайрылуусу эске алынсын.
2. Кайын-Суу участкасындагы жаны салынып жаткан бала бакчанын курулуш иштеринин бүткөндүгү жөнүндө комиссиянын кабыл алуусунан кийин кошумча каражат бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |