Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-октябры № 11
Кара-Булак бала бакчасынын кошумча иштерине каражат бөлүп берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IX сессиясы Каныш-Кыя айыл аймагындагы Чапаев участкасындагы жаны салынып жаткан Кара-Булак бала бакчасынын кошумча иштери үчүн кошумча каражат бөлүп берүү жөнүндөгү Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысынын кайрылуусун карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чапаев участкасындагы жаны салынып жаткан бала бакчанын кошумча курулуш иштерине кошумча каражат бөлүп берүү жөнүндөгү Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысынын кайрылуусу эске алынсын.
2. Чапаев участкасындагы жаны салынып жаткан Кара-Булак бала бакчасынын курулуш иштерине кошумча акча каражаты финансы,экономика жана бюджет боюнча туруктуу комитетинин карап чыгуусунун жыйынтыгы боюнча бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы,экономика жана бюджет боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |