Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-октябры № 13
Каныш-Кыя айыл аймагынын кызматтык автоунаасы жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IX сессиясы Каныш-Кыя айыл аймагынын 1347 номерлүү кызматтык автоунаасы боюнча Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысынын кайрылуусун карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын кызматтык автоунаасы боюнча Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысынын кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагынын 1347 номерлүү кызматтык автоунаасынын гарантиялык иштөө мөнөөтү бүткөндүгүнө байланыштуу аймактын балансынан чыгарууга уруксат берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы,экономика жана бюджет боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |