ТоктомКүчүндө

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин 2017-жылдын 30-октябрындагы № 14 «Демөөрчүлүк менен берилген кызматтык автоунаа жөнүндө» токтому

Редакция30.10.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IX сессиясы

 

2017-жылдын 30-октябры № 14

Демөөрчүлүк менен берилген кызматтык автоунаа жөнүндө

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IX сессиясы Каныш-Кыя айыл аймагынын “ЗААВ Чаарат”ЖЧКсы тарабынан демөөрчүлүк менен алынып берилген жаңы кызматтык автоунаасы боюнча Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысынын кайрылуусун карап жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Каныш-Кыя айыл аймагынын кызматтык автоунаасы боюнча Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысынын кайрылуусу эске алынсын.

2. Каныш-Кыя айыл аймагынын жаңы кызматтык автоунаасын мыйзам чегинде аймактын балансына алууга уруксат берилсин.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы,экономика жана бюджет боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.

 

Төрага

Ж. Бегалиев