Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-октябры № 15
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Жалал-Абад областтык башкармалыгынын Ала-Бука райондор аралык бөлүмүнүн кайрылуусу жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IX сессиясы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Жалал-Абад областтык башкармалыгынын Ала-Бука райондор аралык бөлүмүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоого көмөк көрсөтүү жөнүндөгү кайрылуусун карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Жалал-Абад областтык башкармалыгынын Ала-Бука райондор аралык бөлүмүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоого көмөк көрсөтүү жөнүндөгү Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысынын кайрылуусу эске алынсын.
2. Кайрылууда корсотулгон объект Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу муниципалдык объектилердин катарына кирбегендигине байланыштуу мыйзам жол бербестиги белгиленип,каражат бөлүп берүүгө уруксат берилбесин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы,экономика жана бюджет боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |