Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-октябры № 18
“ Чаткал” чек ара заставасынын утурумдук ремонт иштерине көмөк көрсөтүү жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IX сессиясы,Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара кызматынын “Чаткал”чек ара заставасынын утурумдук ремонт иштерине көмөк көрсөтүү жөнүндөгү кайрылуусун карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара кызматынын “Чаткал”чек ара заставасынын утурумдук ремонт иштерине көмөк көрсөтүү жөнүндөгү Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысынын кайрылуусу эске алынсын.
2. Кайрылууда көрсөтүлгон объект Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу муниципалдык объектилердин катарына кирбегендигине байланыштуу мыйзам жол бербестигин белгиленип,каражат бөлүп берүүгө уруксат берилбесин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы,экономика жана бюджет боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |