КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2017-жылдын 30-октябры № 19
Социалдык обьектилерге жылуулукту үзгүлтүксүз берип туруу жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги IX сессиясы,Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу мектептерде жана бала бакчаларда кыш мезгилинде электр энергиясы жок учурда үзгүлтүксүз жылуулукту камсыз кылып туруу боюнча Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысынын кайрылуусун карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу мектептердин жана бала бакчалардын үзгүлтүксүз жылуулугун камсыз кылуу боюнча Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысынын кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагындагы мектеп,бала бакчаларга электр энергиясы жок учурда жылуулукту үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн генераторлорду сатып алууга тиешелүү акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |